Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.08.2019 08:23 Жаңыланды: 23.08.2019 19:04 На русском

«Соцтармактан жактырып калдым деген кыздар жолукканда качып кетишчү»: Спортчу Камбардын баяны. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылынын 24 жаштагы тургуну Шайымкул уулу Камбар тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал бутунан аксап басканына карабай, 3 жылдан бери спортто ийгиликтерди жаратып келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал төрөлгөндө эле ушундай болчу. Бирок эч жери оорубайт.

«Окуучулук кезде спортко кызыгып, балдар менен күрөшүп жүрчүмүн. Бирок мындай чоң спортко аралашып калам деген оюм жок болчу. Бир жолу Бишкек шаарынан бир агайга жолугуп калдым. Ал менин кол күрөшкө келишиме түрткү болду. Кол күрөш менен машыгып, мелдештерге катышып жатканыма 3 жыл болду.

Кол күрөш менен машыгып баштаган 2016-жылы Бишкек шаарында өткөн мелдеште 1-орунду алгам. Ушул эле жылы республикалык мелдештен 1-орунду ээлеп, Азия оюнуна чакыруу алдым. Бирок бир себептерден улам бара албай калдым. Кийинки жылы оң жана сол кол менен тең республикалык мелдеште 1-орунду алып, ушул жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Азия мелдешинде күмүш медалга ээ болдум. Мелдеш майыптар арасында өттү», - деди ал.

Камбар жакында эле сүйүктүүсүнө баш кошконун айтат.

«Кудайым буюруп, он күн мурун үйлөндүм. Келинчегим Арууке менен социалдык тармак аркылуу таанышкам. Өзү Ош облусунун кызы. Буга чейин үйлөнүү максатында социалдык тармактан көп эле кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Алар мени сүрөтүмдөн көрүп, жактырышканын айтып калышчу. Бирок жолуга келгенде абал өзгөрүп кетчү. Жолукканга чейин эле кээ бирине эскертип айтчумун, себеби баары бир абал өзгөрүп кетерин билчүмүн да. Кээ бири жолуккандан кийин акырын басып кетип калышчу. Ошентип үй-бүлө курбай каламбы деген ойдо кайгырып жүрдүм. «Кимде ким теңине албаса, ал ташталган адамга тең эмес» деген хадис бар экен. Ошону уккандан кийин өзүмдү сооротуп жүрдүм. Эми кудайым буюруп түгөйүмдү таптым. Келинчегим ислам динин терең түшүнгөн, илими бар адам. Ал мени кандай болсом ошондой кабыл алды», - дейт ал.

Камбар Токтогул районундагы Саргата айылында 1995-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 7 бир туугандын (5 уул, 2 кыз) улуусумун. Саргата айылындагы мектепти аяктап, Ислам университетинен билим алып жүрүп, толук бүтпөй калдым. Бирок медреселерден билимимди тереңдеттим. Келечекте спортту таштабай, дүйнөлүк мелдештерге чыгып, Кыргызстанды тааныткым келет. Ата-энемдин, бир туугандарымдын, жубайымдын сыймыгы болуп, алардын ишеничин актап, татыктуу инсан болсом дейм. Кудайым жакшы тилектерибизди кабыл кылат деп ишенем», - деди спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×