Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.08.2019 11:51 На русском

Ошто туристтик милицияга 2 унаа тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында туристтик милиция кызматына 2 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун курамында туристтик милиция взводу иштей баштады. Алардын негизги милдети — Ош шаарына келген чет өлкөлүк жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү. 11 милиционерден турган аталган взводго кызматкерлер атайын жүргүзүлгөн сынактын негизинде кабыл алынган.

Унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Боронов катышты.

«Силер кыргыз милициясынын гана эмес, Кыргызстандын жүзү болосуӊар. Силер чет өлкөлүктөргө жасаган сылык мамиледен, көрсөткөн жардамыӊардан туристтерде өлкөбүз тууралуу алгачкы пикир жаралат. Милдетиӊерди так аткаргыла», - деди ал.

Туристтик милициянын кызматкерлери ушул жылдын июль айынан тартып кызматка киришип, 1,5 айдын аралыгында 26 мамлекеттен келген чет өлкөлүк жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүшкөн. Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Ош шаарына Франция, Германия, Голландия, Словакия жана Австрия мамлекеттеринен туристтер көп келишкен. Бүгүнкү күндө туристтик милиция взводунун кызматкерлери чет тилдерди тереӊ өздөштүрүү үчүн атайын курстарга барып жатышат. Туристтик милицияга дагы 10 кызматкер алынат.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында туристтик милиция кызматында иштөөнү каалагандар үчүн сынак жарыяланганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×