Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 21.08.2019 15:43 На русском

Сүрөт — «Ош-Тазалык» ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 21-августта «Ош-Тазалык» ишканасына 12 жаңы техника тапшырылды. Бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Нурбек Исмаилов билдирди.

Техникаларды тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов жана «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери катышты.

«Жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн, ошол акчага 12 техника сатып алдык. Үнөмдөлгөн 4 миллион сомго урналар алынып, таштанды төгүүчү жайларга тосмолор орнотулат. Буга чейинки техникалар 10 жыл мурда алынган. Алардын эскилиги жеткендиктен, толугу менен алмаштырылды. Андан сырткары Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 10 миллион евро бөлүндү. Ага 2 айдын ичинде 30га жакын жаңы техникалар алынат жана таштанды төгүүчү жайлар оңдолот», - деди Н.Исмаилов.

Ишкананын балансында жалпы 59 техника бар. Анын 20дан ашууну жарактан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×