Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.08.2019 17:31

Ошто окуу жайдын жанында жайгашкан май куюучу жай бузулууда

Turmush -  Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын жанында жайгашкан май куюучу жай бузулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эл жыш жерде жайгашкан май куюучу жайдын ээси түшүндүрүү иштеринен кийин курулушту өзү бузууда. Шаардагы 22 май куюучу жай боюнча териштирүү иштери уланып жатат.

«Учурда Ош шаарында 44 май куюучу жай иштейт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×