Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.08.2019 16:45 На русском

Шериктери менен жаш келинди коркутуп, 1,5 миң доллар алып кеткен «ХБКлык Бема» камактан бошотулду

Карактоого шектелип кармалгандар
Карактоого шектелип кармалгандар

Turmush -  Шериктери менен жаш келинди карактап, үйүнөн 1,5 миң долларды алып кеткен «ХБКлык Бема» 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Ушул жылдын 10-июль күнү Ош облусттук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу боюнча соттук коллегиясы Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-3-пункттарынын негизинде (Каракчылык) кылмыш жоопкерчилигине тартылган Т.Б.нын апелляциялык даттануусун карап чыкты. Анын жыйынтыгында ушул жылдын 17-апрелинде Ош шаардык соту чыгарган өкүмдү өзгөртүп, Т.Б.нын 5 жылдык жаза мөөнөтүн шарттуу деп эсептеп, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен сот залынан камактан бошотту. Буга чейин Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

---------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаардык соту карактоого шектелип кармалган 5 улан-кызга карата өз чечимин чыгарганын жазган. Алар 21 жаштагы келинди бычак менен коркутушуп, үйүнөн ири суммадагы акча каражатын жана буюмдарды алып кетишкен.

Окуя 2018-жылдын 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарындагы А.Масалиев проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Ош облусунун 5 жашоочусу (2 жигит, 3 кыз) 21 жаштагы келинди коркутуп, 1,5 миң доллар, «Айфон 6» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 13 миң сомун, 3,5 миң сомдук курткасын жана башка буюмдарды алып кетишкен.

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон жана 24-декабрга караган түнү кылмышка шектүү катары 2001-2003-жылдары туулган 2 кыз жана 1 өспүрүм бала, 2000-жылы туулган жигит менен кыз кармалган. Алардан жабырлануучунун үйүнөн жоголгон айрым далил буюмдар алынган.

Жыйынтыгында айыпталуучулардын ичинен Т.Б. 5 жылга эркинен ажыратылып, камакта калтырылган. Ал эми 4 улан-кыз 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Алардын бөгөт коюу чарасы үй камагына алмаштырылып, сот залынан бошотулган.

Ош шаардык сотунун өкүмү:

Айыпталуучу Т.Б. («ХБКлык Бема») Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-3-пункттарынын негизинде (Каракчылык) күнөөлүү деп табылып, 500 эсептик көрсөткүчтөгү (50 000 сом) айып салуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазык кодексинин 60-беренесинин (Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде 500 эсептик көрсөткүчтөгү айып салуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

---------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы окуучу кыз канжалаганча сабалганы тууралуу жазган. Өздүк булактардын билдирүүсү боюнча, бул окуя Ош шаарындагы Манас-Ата (мурунку ХБК) кичи районунун аймагында болгон.

Кийинчерээк Ош ШИИБ бул окуя боюнча расмий маалымат тараткан.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери видеотасмага байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2000-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга көчүп кетишкен. "ХБКлык Бема" каймана аты бар.

Ал эми экөөнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.

Жаңжалдашкан кыздар 18-ноябрдан тарта социалдык түйүн аркылуу байланышып, урушуп кетишкен. Кийин жаңжалын чечүү максатында Ош шаарынын "Космонавттар" эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамасында жолугушкан. Окуя мушташ менен аяктады.

Алар муну менен токтоп калбай, аталган эс алуу паркынан алыс эмес жердеги үйлөр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жөнөткөн», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×