Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 19.08.2019 20:30

Ошто саймачылыкка тиешелүү 200 жылдык экспонаттар көргөзмөгө коюлду

Turmush -  Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музейинде «Кыргыз саймасы» аттуу көргөзмө уюштурулуп, 200 жылдык экспонаттар коюлду. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин тарыхый эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн башчысы Шайыр Абжапарова билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 19-август күнү Сулайман-Тоо музейинин түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы жана ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине катталгандыгынын 10 жылдыгына карата кезектеги 6-көргөзмөнүн ачылыш аземи өттү. Анын алкагында коноктор XIX - XX кылымга таандык, саймачылык өнөргө тиешелүү 40ка жакын экспонаттарга күбө болушту. Экспонаттар Алай, Өзгөн, Кадамжай, Ноокат районундагы музейлерге таандык.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында саймачылар мастер-класстарды өткөрүштү. Алардын айтымында, кыргыздын уз айымдары бир эле оймону ар түрдүү сүрөттөшүп, улуттук саймалардын түрлөрүн ойлоп табышкан. Улуттук оймо-чийимдер кол өнөрчүлүктүн бардык түрүнө кеңири колдонулуп келет.

Сайманын түрлөрү (оймонун түрлөрү): мүйүз, көөкөр, айчык (жарым ай формасындагы оймо), бадам, тырмак, карга тырмак, гүл, анар, куш канат, ит куйрук, көөкөр, комуз, тумарча, секиртме, бугу мүйүз, кайкалак (кочкор мүйүз), тогуз дөбө жана башка.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×