Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 18:53 На русском

«Портерди» айдап качкан жигит имамдын телефондорун, мечиттин мүлкүн дагы уурдаган

Turmush -  12-августка караган түнү Ош шаарындагы Учар айылында айлампанын жанынан дарбыз саткан соодагердин «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасын айдап качкан жигит ошол эле күнү мечиттердин биринен имамдын 2 телефонун, мечитке тиешелүү микрофон жана колонканы уурдаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери «Хундай Портер» унаасын уурдаган Ноокат районунун 1993-жылы туулган тургунун (К.у.З.) 13-август күнү Ош шаарында жүргөн жеринен кармап, ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Ошол эле күнү милицияга шаардагы мечиттердин бириндеги имамдын бөлмөсүнөн 2 уюлдук телефон, микрофон жана колонка уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Суракта шектүү К.у.З. аларды дагы уурдаганын мойнуна алып, телефондун бирөөсүн 2500 сомго, экинчисин 5500 сомго сатып жибергенин айткан. Ал эми микрофон менен колонканы сатканга жетишкен эмес.

Милициянын маалыматына караганда, Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакта калтырылды. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Turmush басылмасы 12-августка караган түнү саат 3:00 чамасында Учар айылындагы айлампанын жанында турган «Хундай Портер» унаасы уурдалганын жазган.

Унаанын ээси Курбанали Ураимовдун айтымында, «Портер» Учар айылындагы айлампанын жанында дарбыз саткан жерден уурдалган. Ал дарбыздарын карап жатып уктап кеткен. «Портер» 13-августта Ноокат районунан табылган.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, «Хундай Портер» унаасын Ноокат районунун 1993-жылы туулган тургуну К.у.З. уурдаган. Ал унааны Ноокат районунун борборуна айдап барып, ошол жерге таштап койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×