Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 20:56

Ошто тилемчилик кылган өспүрүмдөргө рейд жүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында «Тилемчи» аталышындагы коомдук-профилактикалык иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин негизги максаты — жол боюнда, коомдук жайларда тилемчилик кылып жол кыймылына тоскоол болгон жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусун жана өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштарды алдын алуу. Рейддин алкагында социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөгү балдардын абалы, жашоо-шарты текшерилип, социалдык коргоо мекемелерине кабарланат. Рейд учурунда жумушка тартылган өспүрүмдөрдүн ата-энелери Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 61-беренесине (Ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык жазаланат.

«Милиция кызматкерлери тилемчилик менен алектенгендердин жолдун ортосуна чыгуусу кооптуу экенин, авариялык кырдаал түзүп жатышканын айтканда туура эмес түшүнгөндөр болду. Ага карабастан милиция кызматкерлери тилемчилик менен алектенгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөр балдардын адаптация жана реабилитация борборуна алынып келинип, өздүктөрү аныкталган соӊ ата-энелерине берилүүдө. Милиция кайдыгер карабаган жарандарды, активисттерди биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×