Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 16:19 На русском

Унаа башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап мерт кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда унаасын башкарып бара жаткан айдоочу жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бүгүн, 16-август күнү болжол менен саат 04:20 чамасында Өзгөн—Кеңеш унаа жолунун 4-чакырымында Өзгөн шаарынын 1966-жылы туулган тургуну И.М.З. өзүнүн «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан. Жолдун оң капталына чыгып, анын кесепетинен унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичин кароо учурунда айдоочу отурган жеринде каза болгондугу аныкталган.

Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон айдоочунун жакындары доо арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Туугандарынын айтымында, маркум жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн.

Учурда Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×