Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 15:59 На русском

Тагдыр: 1 айга Бишкекке кетип, батирин алдырган таразачы Б.Дүйшеева

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылынын 57 жаштагы тургуну Бурул Дүйшеева 40 жылдан бери оор күндөрдү кечирип келет. Ал 2 уулдун энеси. 1 уулу майып, 1 уулу Кара-Суу шаарындагы базарда араба түртүп иштейт. Б.Дүйшеева өзү Ош шаарында күн кечирип жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Бурул Дүйшееванын айтымында, ал 5 жылдан бери шаардагы базарлардын биринде каалоочуларды таразага түшүрүп, күнүнө 100 сомдон 300 сомго чейин акча табат.

«Мен базар аралап, элди таразага түшүрүп иштейм. Мечиттен жардам катары берилген акчага ушул таразаны алгам. Тапкан акчам күнүмдүк оокатыма араң жетет. Акчаны же азык-түлүктөрдү балама жөнөтөм. Балам Кара-Сууда, мен Ошто жашайм. Балдарым кичинекей кезде жолдошум менен ажырашып кеткем. Жаш кезде эптеп акча таап, балдарымды бала бакчага берип, өзүм иштечүмүн. Жаш өткөн сайын жумушка жарабай калат экенсиң.

Бара турчу жерим жок. Буга чейин атайын жардам иретинде берилген 1 бөлмөлүү жатаканам бар болчу. Бишкектеги эжемдин үйүнө 1 айга барып келгенче батириме бир кызды киргизгем. Ал кыз батирдин документтерин жасап, башка адамга сатып жибериптир. Ошентип канча жыл экенин эстей албайм, көчөдө жашап жатам. Бир балам Бишкекте. Экинчи балам Кара-Суудагы базарда араба түртүп иштейт. Ал оорукчан. Учурда айына 1000 сом берип, Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн биринде жашайм. Акча бере албай калган күндөрү көчөдө калам. Жазында акча табуу жеңилирээк, түндө дагы түнөгөнгө жер табылат. Бирок кышында жашоо оор болот. Акча жокто катып калган нанды сууга чылап жеп, жатып алам. Буга чейин пол, идиш жууп иштеп келгем. Буюрса 3 жылдан кийин пенсияга чыксам, ошол да жардам болот эле. Мен да жылуу үйдө жаткым келет», - деди Б.Дүйшеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×