Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 15:28 На русском

Оштун Жапалак аймактык башкармалыгында таза суу кампасы курулуп баштады. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 16-августта Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгын таза суу менен камсыз кылуу максатында суу кампасынын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көлөмү 6 миң куб метр боло турган суу кампанын пайдубалына капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Өкмөттөн 150 млн сом сураганбыз. 39 миң сомго кампанын долбоору даярдалып, курулушу башталды. Өкмөттөн убагында акча бөлүнүп турса, кампаны ушул жылы бүтүрүп, ишке киргизебиз. Мындан сырткары көлөмү 100 миң куб метр болгон 2 кампанын курулушу күтүлүп жатат», - деди Т.Сарыбашов.

Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын курамында 10дон ашуун айыл бар. Калкынын саны 26 миң адамдан ашат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, суу кампанын тендердик баасы 42 млн 496 миң 256 сомду түзгөн.

«Ош шаарында жаан жааган сайын таза суу токтотулат. Ага үстү ачык таза суу кампасынын абалы себеп болууда. Адистер маселени жабык кампа куруу менен гана чечүү мүмкүн экенин айтып келишет», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×