Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.08.2019 10:07

Ошто балдар паркынын администрациясы күйүп кетти. Сүрөт  

Turmush -  Ош шаарында А.Навои атындагы балдар эс алуу паркынын администрациясы күйүп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 15-августта саат 22:34тө өрт өчүрүү кызматына өрт тууралуу билдирүү келген. Окуя болгон жерге 3 бригада чыгышкан. Өрт саат 22:50дө толугу менен чектөөгө алынып, саат 23:53тө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен администрациянын чатырынын 80 чарчы метри, 40 чарчы метр болгон бир бөлмөсү, мындан сырткары дагы бир бөлмө толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себептери текшерилип, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×