Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.08.2019 18:05

Ош шаарында 23,7 млн сомго жаңы бала бакча курулууда

Turmush -  Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине мэр Таалайбек Сарыбашов дагы катышты. Маалыматка караганда, бала бакча бардык шарты менен эки кабаттуу болуп курулат.

«Ош шаарына жыл сайын бала бакча курушубуз керек. Быйыл Түштүк-Чыгыш жана Амир-Темирге бала бакча курабыз. Анткени аталган кичи райондордо бала бакча жетишсиз. Үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакчаны куруу пландалган. Шаарда бала бакча тартыш», - деди мэр.

Мэриянын маалыматына караганда, бала бакча ушул жылы пайдаланууга берилет. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 23,7 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×