Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.08.2019 16:46 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков ачкачылык кармоону токтотту

Мелис Калыков
Мелис Калыков
// Turmush

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыков ачкачылык кармоону токтотту. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинде, тактап айтканда Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайында камакта. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Мелис Калыков 9-августта Жазаларды аткаруу кызматына ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу билдирүү жөнөткөн. Кечээ, 14-августта ал ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу ачкачылык акциясын токтоткон. Ошондой эле №5 убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирген.

Мелис Калыковдун билдирүүсү

Заявление Мелиса Калыкова

Буга чейин Turmush басылмасы Мелис Калыков ачкачылык жарыялаганын жазган.

Ошондой эле кечээ, 14-августта Баткен облустук сотунда Мелис Калыковго карата кыйноонун колдонулушу фактысы жөнүндөгү апелляциялык арыз каралган.

Буга чейин арыз Кадамжай райондук соту тарабынан каралган. Сот аны канааттандыруусуз калтырган.

Сот отурумуна М.Калыковду алып келишкен эмес. Баткен облустук сотунун судьясы М.Калыковдун Баткендеги соттук отурумга катышуусуна Ош шаардык соту тыюу салганын айтты. Сотко кыйноолор боюнча фактыны иликтеген тергөөчү Манас Сулайманов менен УКМКнын өкүлү катышкан.

Мелис Калыков анын кылмыш ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровдун иштен четтетилишин талап кылып ачкачылык жарыялаган. Анын жактоочулары бир нече жолу сотту алмаштыруу боюнча арыз жазышкан, бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жактоочу сот отурумунда М.Калыковдун абалы оор экендигин айткан.

«Жактоочу катары №25 абактын жетекчилигине билдирүү жөнөттүм. Бирок жооп ала элекмин. Ал ачкачылык жарыялагандан бери 8 күн өттү. 13-августта Ош шаардык сотунда өткөн отурумда анын ден соолугун, эмне үчүн мындай кадамга барганын, анын кандай талаптары бар экенин эч ким сураган жок. Ага ачкачылыкты токтотууну айтканымда мыйзамсыздык менен күрөшүүдө мындан башка аргасы калбагандыгын айтты», - деген А.Күңгуров.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

09.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
10.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков сурак учурунда ур-токмокко алынганбы?
24.07.2019Прокурордун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
05.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
06.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты
07.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео
13.08.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун 2 жактоочусу сот отурумуна келген жок
14.08.2019Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыков ачкачылык кармап жатат. Жактоочу эмне дейт? Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×