Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.08.2019 15:58

Оштогу мыйзамсыз делген май куюучу жайлардын иши шаардык жана облустук сотто каралууда

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай
Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай

Turmush -  Ош шаарындагы айрым май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арыздар Ош шаардык жана Ош облустук сотунда каралууда. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын укуктук жактан коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн адиси Канат Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, май куюучу жайлардын ишмердигин токтотуу боюнча арыз алгач райондор аралык сотко өткөрүлгөн.

«Булар юридикалык жак болгондуктан ишти райондор аралык сотко өткөргөнбүз. Бирок май куюучу жайлардын ээлери облустук сотко даттанышкан. Алардын арасында физикалык жактар бар болгондуктан айрым иштер шаардык сотко өттү. Ошондо азыр иштин жарымы шаардык сотто, жарымы облустук сотто каралууда», - деди К.Жумабаев.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мелис Адиевдин айтымында, учурда Н.Исанов көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен май куюучу жай иштеп жатат.

«Аталган май куюучу жай өз алдынча иштеп жатыптыр. Биз Экономика министрлигине корутунду жөнөттүк. Алардан жооп келсе, чара көрөбүз», - деди М.Адиев.

Мыйзамсыз курулган май куюучу жайлардын маселеси Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай жарылгандан кийин көтөрүлгөн. Окуя болгон күндүн эртеси мэр Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайлардын коопсуздугу менен таанышып, мыйзамсыз иштеп жаткандары алына турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

20.03.2019Ошто май куюучу жайдан өрт чыгып, эркек кишинин бети күйүп калды. Сүрөт
20.03.2019Видео - Оштогу май куюучу жайдагы ири өрт. Жабырлануучулардын абалы кандай?
21.03.2019Сүрөт — Оштогу май куюучу жайдагы ири өрттүн кесепеттери
22.03.2019Ошто өрттөнгөн май куюучу жайды милиция текшерүүгө алды
23.03.2019Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар жабылат (сүрөт)
14.05.2019Ошто 38 май куюучу жай коопсуздук талаптарына жооп бербейт, - мэр
26.06.2019«Агамсыңбы, инимсиңби, уялбайсыңбы?»: Мэр өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сындады. Видео
27.06.2019Ошто жарылган май куюучу жайдын ээси өз алдынча оңдоо иштерин баштаган. Тургундар жолду тосууга даяр. Видео
27.06.2019Видео — Ошто май куюучу жай бузулууда
18.07.2019«Уялбайсыңбы»: Мэрден тил уккан ишкер жарылган май куюучу жайын кайра иштетип баштады
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×