Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 10.08.2019 10:41

Ош шаарында «Ибрагим-Ата» дүкөнү өрттөнүп, азык-түлүктөр күйүп кетти

"Ибрагим-Ата" дүкөнү
"Ибрагим-Ата" дүкөнү

Turmush -  Ош шаарында «Ибрагим-Ата» дүкөнү өрттөнүп, азык-түлүктөр күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча өрт өчүрүү бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсү Тыныбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, өрт 10-августта саат 01:29 чамасында чыккан.

«Бүгүн, 10-августта түнкү саат 01:29 чамасында өрт кырсыгы боюнча маалымат келип түштү. Бизден эки өрт куткаруучу топ саат 01:30да чыгып кетип, саат 01:33тө жетишкен. Өрт саат 01:45те толугу менен чектөөгө алынып, саат 02:45те толугу менен өчүрүлдү. Натыйжада өрттүн кесепетинен дүкөндүн 45 чарчы метри, чатырын 50 чарчы метри күйгөн. Дүкөндүн ичиндеги азык-түлүктөрдүн баары жараксыз болуп, 5 муздаткыч өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби аныкталууда жана материалдык чыгымдар эсептелүүдө», - деди Т.Султанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×