Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 07.08.2019 15:29 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 7-августта Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун жакындары Ош шаардык сотунун алдында тынчтык митинг өткөрүштү.

Алар М.Калыковдун кылмыш ишин карап жаткан судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылып жатышат. Себеби сот отурумдарында судья Ж.Кудаяров күбөлөргө бир дагы суроо берген эмес. Митингдин катышуучулары Мелис Калыков 2 күн мурда ачкачылык жарыялап, кечээ, 6-август күнү кан басымы көтөрүлүп, сот отурумуна катышпаганын билдиришти.

Шектүү М.Калыковдун эжеси Дарика Калыкова экспертизанын жыйынтыктарына нааразы экенин айтты. Ал аталган иш бирөөнүн басымы менен каралбашы керек деген пикирде.

Ал эми судья Жолборс Кудаяров милиция кызматкерлеринин коштоосунда Ош шаардык сотунун имаратынан чыгып кетти.

Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы судья Ж.Кудаяровду алмаштырууга негиз жок экенин билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 5-август күнү Ош шаардык сотунун судьясы Ж.Кудаяров сот отурумун массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жок өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Себеби отурумдардын жүрүшүндө соттолуучу жана анын жактоочулары ишти созууга аракеттенишип, коомчулукка туура эмес маалыматтарды таркатып жатышкандыктан соттук териштирүү соңуна чыкканча сот залына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей турууну туура көргөн. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык (Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө сот отурумунун залында болуу тартиби) сот отурумун сүрөткө жана видеого тартууга судьянын уруксаты менен гана жол берилет.

«Мелис Калыков жана анын жактоочулары тарабынан судьяга келтирилген ишенбөөчүлүк тууралуу өтүнүчтөрү Жазык-процесстик кодексинин 65-беренесинин (Иш боюнча өндүрүшкө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар) талаптарына ылайык келбегендиктен канааттандыруусуз калтырылган.

Ошондой эле М.Калыков кечээ, 6-август күнү саат 10:00гө дайындалган сот отурумуна келүүдөн баш тартып, убактылуу кармоочу жайдан чыкпай койгон», - деп айтылат Ош шаардык сотунун билдирүүсүндө.

--------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы М.Калыков кечээ, 6-августта өтө турган сот отурумуна катышуудан баш тартканын жазган. Ошондуктан кезектеги сот отуруму 13-августка жылдырылган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×