Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 06.08.2019 19:30

Оштогу мечиттерде дин, каада-салт тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында жума намаздарда салттуу дин, каада-салт боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги мамлекеттик жана диний уюмдар менен биргеликте өлкөнүн түштүк аймагындагы мечиттерде жергиликтүү тургундарга дин тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин түшүндүрүү иштери Баткен, Жалал-Абад облустарында жүргүзүлсө, учурда Ош шаарындагы мечиттерде уланууда. Ага Ош ШИИБдин эстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү да катышууда.

ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Манас Манбаев, Борбордук Азиядагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Денис Пышкин диндин оң жана терс жактарын, салттуу дин жана террористтик-экстремисттик маанайдагы дин, бурмалаган дин, улуттук каада-салт, араб өлкөлөрүнүн салты тууралуу айтып берип жатышат.

Дин таануучу Денис Пышкин 15 жыл мурун ислам динин кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×