Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 06.08.2019 14:13

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков сот отурумуна катышуудан баш тартты

Turmush -  Бүгүн, 6-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралмак. Бирок сот отуруму 13-августка жылдырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга М.Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Мелис Калыков адилеттүү сот отурумун талап кылып, убактылуу кармоочу жайдан чыкпай койгон.

«Кечээки отурумда Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровду жана мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү боюнча өтүнүчүн билдирген. Анткени ал адилеттүүлүктү каалап жатат. Ошондой эле ал бир аз ооруп калыптыр. Буга чейин башына операция жасалары айтылган», - деди Д.Калыкова.

Ошондой эле ал иниси М.Калыков мөөнөтсүз ачкачылык жарыялагынын билдирди.

М.Калыков сот отурумуна келбей койгонун маркум А.Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов да тастыктады.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысынын маалыматына караганда, сот отуруму 13-августка жылдырылган.

Ошондой эле Ош шаардык сотунан кечээ, 5-август күнү журналисттерди сот отурумуна эмне үчүн киргизилбегендиги тууралуу жооп беришти.

«5-август күнү Ош шаардык сотунун судьясы тарабынан Мелис Калыковдун сот отурумуна массалык маалымат каражаттарынын катышуусу жок өткөрүлүшү жөнүндө токтом кабыл алынган. Отурумдардын жүрүшүндө соттолуучу жана анын жактоочулары ишти созууга аракеттенишип, коомчулукка туура эмес маалыматтарды таркатып жатышкандыктан соттук териштирүү соңуна чыкканча сот залына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей турууну туура көргөн. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык (Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө сот отурумунун залында болуу тартиби) сот отурумун сүрөткө жана видеого тартууга судьянын уруксаты менен гана жол берилет.

Ал эми судья Ж.Кудаяровго карата козголгон кылмыш иши боюнча жашырылган маалымат жок», - деп айтылат маалыматта.

Turmush басылмасы кечээ, 5-августта Ош шаардык сотунда Мелис Калыковдун кылмыш иши каралганын жазган.

Күндүн экинчи жарымында сот отурумуна журналисттер киргизилген эмес. Анын себебин шектүү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков буга чейин судья Жолбор Кудаяровго айтылган дооматтар менен байланыштырган. Ошондой эле ал М.Калыковдун бир жактоочусунун ордуна мамлекеттик жактоочу дайындалганын билдирген.

«Ал жактоочу кылмыш иши менен таанышайын десе уруксат берилген жок. Сот залынан М.Калыковду да чыгарып жиберди», - деген С.Жайчибеков.

Сот отурумдун башында М.Калыковдун жактоочулары Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуров мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч билдиришкен. Бирок өтүнүс канааттандыруусуз калтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×