Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 05.08.2019 17:25 На русском

Конокко келип, эс-учун жоготкон бойдон дарыяга агып кеткен адамды куткарып калышты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында милиция кызматкерлери Ак-Буура дарыясына агып бара жаткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, кечээ 4-август күнү саат 17:00 чамасында Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун кызматкерлери Ак-Буура дарыясында агып бара жаткан адамды көрүп, анын өмүрүн сактап калышты. Милиционерлер сууда агып бара жаткан адамды жээкке чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жасалма дем алдыруудан кийин сууга аккан адам өзүнө келип, аны тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Сууга аккан адам Араван районунун 1983-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Ал Ош шаарына конокко келген. Ал бүгүн, 5-августта өмүрүн сактап калган милиционерлерге жолугуп, ыраазычылыгын билдирди.

«Күн ысык болгондуктан Ак-Буура дарыясындагы сууга бетимди жууп алайын дегем. Анан башым айланып кетти. Эсиме келсем бир топ милиционерлер мага жасалма дем алдыруу жасап жатышыптыр. Алар көзүмдү ачканда сүйүнүп кетишти», - деди ал.

Эс-учун жоготкон адам сууда 500-600 метр аралыкка чейин акканын Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун взвод командири Нургазы Жетимишов билдирди.

«Биз суунун жээктерин көзөмөлдөп, этият болууну, суунун жээгинде спирт ичимдигин ичпөөнү айтып, эскертүү баракчаларын илип жүргөнбүз. Ошол учурда сууда бир адам агып бара жатканын көрүп калдык. Ошол жердеги адамдар "киши агып бара жатат" деп кыйкырышканы менен сууга бой таштаганга батынышкан жок. Ошол жердеги төрт кызматкер сууга агып бараткан адамды алып чыктык. Алгачкы медициналык жардам көрсөттүк. Эсине келгенин көрүп аябай сүйүндүк», - деди ал.

Учурда сууга агып бара жаткан адамга жардам берген Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун кызматкерлери — милициянын ага лейтенанты Нургазы Жетимишов, милициянын старшиналары Нурсултан Жолдошов, Муктарбек уулу Бектур жана милициянын сержанты Нурланбек уулу Эламанга сыйлык тапшыруу каралууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сууга түшүү мезгили башталгандан бери коомчулукка коопсуздук эрежелери тууралуу тынымсыз эскертип келе жатышат. Анын алкагында атайын баракчалар таратылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×