Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 05.08.2019 15:51

Ошто эртең менен коомдук унаанын айдоочулары иш ташташты

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында коомдук унаанын айдоочулары иш ташташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулар билдиришти.

Бүгүн, 5-июль күнү Ош шаарында троллейбус жана автобустун айдоочулары жаңы дайындалган жетекчиси Т.Капаровдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш ташташкан. Айдоочулар күнүмдүк тарифтик пландын баасы көтөрүлгөнүнө (айдоочулар ар бир каттам үчүн 400 сом төлөшөт. Бул суммага 50 сом кошулган. Коомдук унаанын айдоочусу 1 күндө 3 жолу каттамга чыкса, 1 миң 350 сом төлөшү керек. Ал эми буга чейин 1 миң 200 сом гана төлөп келишкен) жана маянанын кеч берилип жатканына нааразы. Алар эртең менен жетекчинин иш бөлмөсүнүн алдына топтолушкан. Айдоочулар шаардагы кичи автобустардын санын кыскартып, айлык акынын өз убагында берилишин жана күнүмдүк тарифтик пландын баасын төмөндөтүүнү талап кылышты. Айдоочулардын айтымында, студенттер эс алууга кеткенде тарифтик план толбой калат.

Айдоочулардын күнүмдүк тарифтик планы 50 сомго кымбаттаганын Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров дагы тастыктады.

«Айдоочулар буга чейин да мага шаардагы тыгындар жана кичи авобустардын санын кыскартуу боюнча кайрылышкан. Ошондой эле айдоочулардын бир күндө канча акча табарын текшерүүгө алып, жыйынтыгында ашкан акчалар (тарифтик пландан тышкары) айдоочунун өзүндө калаары белгилүү болгон. Ошондуктан тарифтик планга 50 сом кошулду. Буга чейин троллейбустардын бир каттамынын тарифтик планы 350 сом болсо, эми 400 сомго жогорулады. Автобустардын бир каттамынын тарифтик планы 200 сомдон 250 сомго көтөрүлдү. Бир күндө троллейбус жана автобустар 7 жолу каттамга чыгат», - деди Т.Капаров.

Жаңы тарифтик планга таянсак, троллейбустун айдоочулары 1 күндө 7 жолу каттамга чыкканы үчүн 2 миң 800 сом, ал эми автобустун айдоочулары 1 миң 750 сом төлөшү керек.

Ош шаардык мэриясынан айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алар саат 10:00дө кайра ишке чыгышканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×