Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 05.08.2019 11:45 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочуларга жана судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралууда.

Сот отурумдун башында М.Калыковдун жактоочулары Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуров мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч билдирди.

«Судья Жолборс Кудаяровго 1 эмес, 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатыптыр. Ал кылмыш иштер М.Калыковдун ишине байланышпаса дагы биз судьяга ишенбейбиз. Анткени сот отурумунда 37 күбө суралса, Ж.Кудаяров алардын бирине да суроо берген жок. Анан мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч билдиребиз. Биз мамлекеттик айыптоочулардын бейтараптуулугуна ишенбейбиз.

Башкы прокурордун орун басарынын катында сиздин үстүңүздөн 3 кылмыш иши козголгону айтылыптыр», - дешти жактоочулар.

Андан соң судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин сурады. Мамлекеттик айыптоочулар жактоочунун өтүнүчүн ишти созуу үчүн көрүлүп жаткан аракет катары баалашып, судья бейтараптуулукту сактап жатканын билдиришти. Маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да мамлекеттик айыптоочулардын пикирин колдоду.

Ал эми маркум Анарбай Мамажакыповдун атасы жактоочу С.Жайчибековго өз нааразычылыгын билдирди.

«С.Жайчибеков ким? Ал акча үчүн ар нерселерди жасап жатат. С.Жайчибеков айтса эле прокурорлор иштен четтетилеби?», - деди Кубатидин Мамажакыпов.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров жактоочу С.Жайчибековдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×