Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 03.08.2019 13:22

ОшТУда Түштүк Кореядан келген ыктыярчылар менен биргеликте студенттерге жайкы лагерь уюштурулду

Turmush -  Академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде корей тилин окуган студенттерге жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, университетке Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Сунгшил университетинен профессор Жон Сам Хён баштаган 4 мугалим, ыктыярчы 20 студент келген. Алгач коноктор ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — ОшТУнун Сежон Хакдан корей тили борборунда окуган студенттерге жайкы лагерь уюштуруп берүү менен биргеликте алардын корей тилин, маданиятын тереңдетип окуусуна салым кошуу, 2 окуу жайдын ортосундагы байланышты жакшыртуу.

Ыктыярчылардын жайкы лагери 30-июлдан 6-августка чейин өткөрүлөт. Ага ОшТУдан жана Сежон Хакдан институтунун 45 студенти катышып жатат. Окуу жайга Сунгшил университетинен өткөн жылы да ушул программа боюнча ыктыярчылардын тобу келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×