Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 03.08.2019 10:52 На русском

Кыргыз танкисттери Россиядагы «Танк биатлону» чемпионатына катышууда

Turmush -  Кыргыз танкисттери Россияда өтүп жаткан «Танк биатлону» чемпионатына даяр. Бул тууралуу Ош шаарындагы №8 мото аткычтар дивизиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-августтан 17-августка чейин Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик полигонунда 7-жолу эл аралык «Танк биатлону» чемпионаты өтөт. Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнөн 3 экипаж катышып жатат. Мелдеште 25 өлкөнүн аскерлери ат салышып, танкисттер ок атуу менен коштолгон ылдам жүрүү эстафетасында күч сынашат. 24-июлда чемпионатка катышуучулар чүчү кулак кармашкан. Кыргызстандыктар көк түстүү командага кошулду.

Экипаждар 29-июль күнү өздөрүнө берилген техникаларды кабыл алып, сыноодон өткөрүү үчүн тейлөө жумуштарына киришкен. Кыргыз танкисттери 4-5-7-август күндөрү Россия, Иран жана Армениянын танкисттери менен жарышка чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×