Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 02.08.2019 12:07 На русском

Сүрөт — Ошто аялдамага унаасын токтоткон айдоочуларга айып пул салынды

Turmush -  Ош шаарындагы аялдамаларда унаасын токтотуп койгон айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 1-август күнү Ош шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери мэриянын кызматкерлери менен биргеликте шаардагы автобустар жана кичи автобустар токтоочу аялдамаларда жол эрежесин бузуу менен унааларын токтотуп койгон таксисттерди тартипке келтирүү максатында атайын рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 10 айдоочуга 3 миң сомдон айып пул салынды.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, рейд Масалиев, Навои, Раззаков көчөлөрүндөгү аялдамаларда жүргүзүлгөн жана 50дөй айдоочу административдик айыпка жыгылды.

Андан тышкары Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан патенти жок иштеп жүргөн таксисттерге протоколдор түзүлүп, айып салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×