Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 02.08.2019 11:16 На русском

Мэрия менен соодагерлердин талашы: Ноокатта курулуп бүтө элек имаратта жер-жемиш сатууга уруксат берилди

Соодагерлер көчүрүлгөн имарат
Соодагерлер көчүрүлгөн имарат

Turmush -  Жыл сайын жай мезгилинде Ноокат шаарынын борбордук базарындагы жолдун эки тарабында жайгашкан унаа токтотуучу жайлар мөмө-жемиш саткандардын жерине айланат. Анын кесепетинен айдоочуларга тоскоолдук жаралып, быйыл ал жактагы соодагерлерге шаардагы курулушу бүтө элек имараттын ичинде соода жүргүзүүгө уруксат беришкен. Бирок соодагерлер ал жерге кардарлар аз баргандыктан мөмө-жемиштер чирип жатканын аймактык кабарчыга билдиришти.

31-июль күнү соодагерлер Ноокат районунун акими Давран Маматалиев менен жолугушуп, талаптарын айтышкан. Соодагер Аваз Маматованын айтымында, аталган маселе боюнча шаар бийлиги менен соодагерлердин ортосунда күндө талаш-тартыш жаралат.

«Биз да тиричилик кылып, балдарыбызды окуу жылына даярдайлы деп жатабыз. Бизге 3 айга борбордук базардагы жолдун боюн беришсе, соода кылып алмакпыз. Учурда бизди көп жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан имараттын биринчи кабатына киргизип коюшту. Бул тарапка адам аз келип, кардарлар көнбөй жатышат. Ысыкта мөмө-жемиштерибиз чирип, ыргытып жатабыз. Аким, мэр менен жолукканбыз, алар тиешелүү органдар менен сүйлөшөлү дешти», - дейт соодагер Аваз Маматова.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов унаа жүрүүчү жана адамдар өтүүчү жолдо соода кылуу мыйзамсыз экенин айтты.

«Былтыр соодагерлер ызы-чуу чыгарышып, энелер ыйлап келгендиктен, аларга мүмкүнчүлүк түзүп бергенбиз. Бирок ал жерди алардын артынан 1 жыл тазаладык. Негизи С.Алимбаев көчөсү Транспорт жана жол министрлигинин карамагында болгондуктан, алар менен макулдашып, жолдун эки тарабын унаа токтотуучу жай кылганбыз. Себеби унаалар баш аламан токтошчу. Анан бюджетке да акча түшмөк. Ал жерге баш аламан соода кылгандарды жайгаштырсак, базардын ичинде патент төлөп, соода кылгандар да нааразы болуп чыгышат. Ошондуктан Мамэкотехинспекциядан уруксат алып, соодагерлерди бүтө элек имаратка жайгаштырдык. Бардыгы келип базардын тардыгына такалат.

2018-2019-жылдары Мирмахмудов айыл өкмөтүндө логистикалык борбор куруу пландалган. Бирок бюджетте каражат жетпегендиктен курулуш иштери токтоп турат. Токтомго "логистикалык" эмес, "муниципалдык" деп жазылганда ал жерге тосмо тосуп, базар кылып иштетип турмакпыз», - деди Жоомарт Нурдинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×