Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 01.08.2019 10:52

Видео — Ошто кинотеатрдан өрт чыкты

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги Семетей кинотеатрынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат бүгүн, 1-августта саат 9:16да келип түшкөн.

«Өздүк курам менен 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт чектөөгө алынып, өчүрүлдү. Учурда өрттүн эмне себептен чыкканы такталууда», - деди ал.

Өрт чыккан жерге Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев да барган.

Өрттүн кесепетинен кинотеатрдагы кымбат баалуу аппараттар өрттөнгөнү айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×