Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 31.07.2019 11:17

Ошто суудан эркек кишинин денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынан эркек кишинин денеси табылды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматка караганда, маркум 2 күн мурда сууга агып кеткен. Анын денесин жергиликтүү тургундар сууда өсүп турган бакка такалып калган жеринен көрүшкөн. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, маркумдун өздүгү такталууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Жапалак айылында эркек киши каналга түшүп кеткенин жазган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 29-июль күнү саат 16:28 чамасында куткаруучуларга Ош шаарынын Жапалак айылындагы Ош—Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерин жүзгүзүү үчүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×