Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 30.07.2019 18:11

«Бейтаптарды тепкичтен ташып»: Ошто 2 ооруканага жаңы лифттер орнотулду

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы
Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы

Turmush -  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында жаңы лифттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматова билдирди.

Анын айтымында, ооруканада 4 лифт болсо, бүгүнкү күндө анын бири капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилди. Ал буга чейин лифттер иштебегендиктен бейтаптар жана кызматкерлер үчүн бир топ көйгөйлөр жаралып келгенин айтты.

«Биздин ооруканадагы лифттердин иштеп жатканына 40 жыл болду. 40 жылдан бери өз алдынча оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келгенбиз. 2 миллион 490 миң сомго жаңы лифт орнотулду. Ал эми бир лифт 3-кабатка чейин гана көтөрүлөт, андан ары көтөрүлбөйт. 3 лифтти жаңылаш керек. Каражат маселеси чечилсе, аларды да алмаштырабыз деген пландарыбыз бар. Операция бөлүмү экинчи кабатта жайгашкандыктан 1-3-4-кабаттагы бейтаптарды тепкичтерден көтөрүп ташып жүрчүбүз», - деди Темиркан Жарматова.

Ошондой эле Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасында да жаңы лифт пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Кыялбек Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, эски лифт 1980-жылдан бери иштеп келген. Анын ордуна жаңы лифт орнотулган. 2 ооруканадагы жаңы лифттерди орнотууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүндү.

Мындан сырткары Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына бейтаптарды ташуучу медициналык сүйрөгүч (каталка) да белекке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×