Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 30.07.2019 08:37

Ош шаарында 3 үйдүн чатыры өрттөнүп кетти

Turmush -  Кечээ, 29-июлда саат 18:00 чамасында Ош шаарынын Кол өнөрчүлөр (мурунку Алебастров) көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүүлөр өрт башталганда эле тез жардам унаасын жана өрт өчүрүү кызматын чакырышкан. Ал арада адамдар топтолуп (30га жакын адам), өрт чыккан үйдүн жанындагы каналдан чакалап суу ташып, отту өчүргөнгө аракет кылышкан. Өрт өчүрүү кызматы 25 мүнөттө келип, өрттү толугу менен өчүрүштү. Өрт өчүрүү кызматынан З кызматтык унаа тартылган.

Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Анын кесепетинен 3 үйдүн чатыры өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×