Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 29.07.2019 17:15 На русском

Ош—Баткен—Исфана жолуна асфальт төшөлүүдө. Курулуш иштерине жергиликтүү компаниялар да тартылган. Видео

Turmush -  Түркиялык «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 75-чакырымынан 108-чакырымына чейинки 33 чакырым жолду курууда. Аталган компания тарабынан курулуш иштерине жергиликтүү «Жагалмай» жана «Кызыл-Ордо» компаниялары тартылган. Бүгүнкү күндө унаа жолдун 14 чакырымына толугу менен асфальт төшөлүп бүттү.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, учурда Кыргызстандын башка аймактарында да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

«Кыргызстан эгемендик алгандан бери жол тармагын өнүктүрүү боюнча сырттан 2,5 млрд долларга жакын акча бөлүнгөн. Бул каражаттын көпчүлүгүнө Ош—Баткен—Исфана, Талас—Тараз—Суусамыр, Бишкек—Нарын—Торугарт, ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдор курулуп жатат. Мындан сырткары жолдордун курулушуна республикалык бюджеттен да каражат жумшалган. Азыр жолдорду тегиздөө, сүрдүрүү иштери жүрүүдө. Кээ бир участкаларда асфальт төшөө иштери башталган. Ошондой эле "Алке Иншаат Санайи ве Тижарет" компаниясы тарабынан асфальт-бетон заводу курулган», - деди К.Досумбетов.

«Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясынын өкүлү Назир Мирзоев Мухаммед оглунун айтымында, учурда күндүн ысыгына карабай жумушчулар өз милдеттерин так аткарып жатышат. Жолдун сапатын көзөмөлдөп туруучу адистер курулуштун жүрүшүн жеринен текшерип турушат. Түркиялык компанияга бөлүнгөн 33 чакырым жолго 3 компания асфальт төшөйт.

«Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 75-чакырымынан 81-чакырымына чейин "Кызыл-Ордо" компаниясы асфальт төшөйт. Асфальт төшөө боюнча азыр эки компания иштеп жатат. Аларга 3-компания дагы кошулат. Үчүнчү компания 6 чакырым жолго асфальт төшөйт. Бул боюнча жакын арада Бишкекте келишимге кол коюлат. Бизде мурун 1 асфальт чыгаруучу завод болгон. Азыр экинчиси пайдаланууга берилгени жатат. Асфальт төшөө иштерин жылдын аягына чейин бүтүргөнгө аракет кылабыз.

Долбоор боюнча жолдо 222 суу түтүгү орнотулат деп айтылган, бирок кошумча 35 түтүк орнотуп жатабыз. Ошондуктан бизге кошумча убакыт беришти. Бардык иштерди 2020-жылдын 14-августунда жыйынтыктайбыз», - деди Назир Мирзоев Мухаммед оглу.

«Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы менен келишим түзгөн жергиликтүү «Жагалмай» компаниясы жолдун 92-чакырымынан 108-чакырымына чейин асфальт төшөйт.

«Азыр биз Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 94-95-чакырымында турабыз. Ушул жерге чейин асфальт төшөп бүттүк. Негизи 95-чакырымдан 108-чакырымга чейин асфальт төшөшүбүз керек болчу, жакшы иштегенибиз үчүн дагы 3 чакырым жолду кошуп беришти. Жалпысынан 13 чакырымга асфальт төшөп бүттүк», - деди «Жагалмай» компаниясынын аталган тилке боюнча башчысы Канарбек Сүйүнбаев.

Жолдун курулушуна жергиликтүү жумушчулар да тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×