Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 29.07.2019 16:06

Ошто 2 тааныштын ортосунда чыр чыгып, бири каза болду

Turmush -  Ош шаарында эки тааныштын ортосунда чыр чыгып, бири каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

20-июль күнү Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну А.К. У.Салиева көчөсүндө таанышы С. адам менен уруша кетип, денесинен алган жаракат менен Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Ал 28-июль күнү көз жумду.

Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, күбөлөрдү аныктаган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде катталып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну Р.С. кармалды.

Учурда шектүү суралып, тергөө амалдары уланууда.

Шектүү Р.С.

бет

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×