Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 29.07.2019 15:32 На русском

«Соо жүрүп, кылган иши ушул болду»: Өз кызына ыпылас аракеттерди жасаган адам кандай жаза алды?

Turmush -  Ош облусунда 8 жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген адам 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

2018-жылдын 22-октябрында жабыркаган кыз апасы жана иниси менен бирге Ош шаарындагы кризистик борборго кайрылганы маалымдалган. Кыздын апасы жолдошу ичимдик ичпей эле өз кызына ыпылас аракеттерди жасаганын билдирген. Кыздын апасы Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, кызга экспертиза дайындалган.

Ал эми кыздын атасы өзүнүн көрсөтмөсүндө кызына эч кандай ыпылас аракеттерди жасабаганын билдирген. Кийинчерээк кыздын апасы тосмо арыз жазып, мурунку арызын кайтарып алган. Бирок Ош облустук сотунун маалыматына караганда, кыздын атасы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 133-беренесинин (ыпылас аракеттер) негизинде 14-мартта Ноокат райондук соттун чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылган.

--------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош облусунун аймагында 8 жашар кызына ыпылас аракет көрсөткөн деген шек менен атасы кармалганын жазган.

Кризистик борбор

Кыздын апасы бул окуя боюнча Ош ОИИБге арыз жазган.

«Мен жолдошумдун мындай аракетин ушул жылдын март айында көрдүм. Мойнуна алган. Ошондон кийин мени урат, эшикке дагы чыгарбайт. Айбан деле баласын коргойт, мени эшикке чыкса бирөөлөргө айтып салат деп ойлоп, такыр чыгарбайт. Акыркы 3-4 жылдан бери ичимдик ичпей калган. Соо болуп, намаз окуп жүрүп кылган иши ушул болду.

Акыры үйдөн качып кетүүгө аргасыз болдум. 4 балам үчүн ушул убакка чейин жашап келдим, акыры чыдабай калганда качтым», - деген кыздын апасы.

Кийинчерээк Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Равшан Мурзаев аталган үй-бүлөнүн абалы тууралуу айтып берген.

«Үй-бүлөнүн социалдык абалы жакшы экен. 24-октябрда (2018-жыл) үй-бүлөнүн абалы менен жеринде таанышып, мектептеги мугалимдер менен да сүйлөшүп келдик. Кыздын апасы элге аралашып эле жүргөнүн айтышты. Ошондой эле аял эч кимге арызданган эмес. Кызын ооруканага да алып барбаптыр. Жолдошу 4 жылдан бери ичпей калган. Кризистик борборго барып келинден кабар алдык. Келиндин айтуусунда, күйөөсү ичип алып ошол ишке барыптыр», - деген Равшан Мурзаев.

Ал эми «Ак-Жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, келиндин бара турган жери жок болгондуктан күйөөсүнүн кордугуна чыдап жашап жүргөн.

«Келиндин туугандары дагы жок экен. Жолдошу дайыма уруп келген. Ал тургай сексуалдык зордук-зомбулук да көрсөтүп келгенин айтып жатат. Кызынын денеси титиреп турат. Эч кимге сүйлөбөйт экен. "Жок" же "ооба" деп гана жооп берет. Учурда кыздын абалы начар, жанына эч кимди жолотпойт.

Апасы Ош облустук ички иштер башкармалыгына күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылган. Учурда эспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Мындай окуялар сөз менен эле айтылып калат. Мамлекет тарабынан катуу чара көрүлсө адамдар мындай жаман жолго бармак эмес», - деген ал.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кыздын атасы Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

«1983-жылы туулган келин кызы, баласы менен Оштогу кризистик борборго келип, зордук-зомбулукка кабылганын айткан. Ал 23-октябрь күнү арыз менен кайрылды. Биринчи арызында 1979-жылы туулган күйөөсү күч колдонуп урганын, денесине залал келтиргени айтылса, экинчи арызында күйөөсү 8 жашар кызына ыпылас аракеттерди жасаганы жазылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми жолдошу кызына ыпылас аракет жасаганын мойнуна алган эмес. Жубайы телефондон башка адамдар менен жазышканы үчүн урганын айткан», - деген Ж.Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×