Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 27.07.2019 16:54

Ошто эки эне 3 эмдүү болушту

Turmush -  Ош шаардык төрөт үйүндө эки эне 3 эмдүү болушту. Бул тууралуу аталган төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, 2 эне 5 кыз жана 1 уулду жарыкка алып келишкен.

«Биздин төрөт үйүндө 20-июль күнү Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Каныкей Жаныбек кызы 3 кызын жарыкка алып келди. 1-кызы 1 кг 120 грамм, 2-кызы 1 кг 120 грамм, 3-кызы 1 кг 270 грамм болуп, операция жолу менен төрөлдү. Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу оор. Ал эми кечээ, 26-июль күнү Кара-Суу районунун Сарай айылынын 34 жаштагы тургуну Парида Мамажанова 3 эмдүү болду. Аныкы 1 уул, 2 кыз. Бала 2 кг 760 грамм, кыз 2 кг 310 грамм, дагы бир кызы 2 кг 170 грамм салмакта төрөлдү. Учурда ымыркайлардын абалы орто оор. Дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди Исраилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×