Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 27.07.2019 16:03 На русском

18 жаштагы жигит соодагерге тапанча такап, алтын буюмдарын карактап кеткен (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында бейтааныш жигит соодагер аялды тапанча менен коркутуп, 69 миң сомдук алтын буюмдарды карактап кетти. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

15-июль күнү Ош шаарынын тургуну (аял киши) Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнө арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, ал 15-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарындагы «Насип-Голд» зергер буюмдар сатылган дүкөнүндө отурганда бейтааныш жигит ага тапанча такап, коркутуп, 69 миң сомго бааланган алтын буюмдарын карактап кеткен. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүшкөн жана күбөлөрдү аныктап, каракчылык фактысы боюнча материалдар топтолгон. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн (каракчылык) негизинде катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Жабырлануучуга денесинен алган жаракаты боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 2001-жылы туулган тургуну А.Э.А. кармалып, анын жанынан жабырлануучунун алтын сааты жана травматикалык МР-79-9ТМ үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Учурда шектүү суралып, тергөө иштери уланууда. Ошондой эле Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын тандап, аны 2 айга камакта калтырган.

Аталган жарандан жабыркагандар болсо Ош ШИИБге 03222-4-82-82 телефон номуру аркылуу кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×