Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 25.07.2019 10:51

Ошто 5 күндө 26 мас айдоочу кармалды. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунун аймагында айнектери караңгылатылган унааларга жана мас абалда унаа башкарган айдоочуларга рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

18-июлдан тартып коомдук унаалардын техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлүп жатат. Аны менен катар мас абалда унаа башкарган айдоочулар жана айнеги караңгылатылган унаалар текшерилүүдө.

Рейддин жүрүшүндө 5 күндүн ичинде Ош облусунда 1 миң 70 жол эрежеси бузулуп, 29 унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. 26 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалган жана 25 унаанын тийиштүү документтери болгон эмес. Ал эми унаанын алдыңкы айнегин караңгылатып алган 17 унаанын ээлерине протоколдор түзүлүп, ар бирине 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Аларга айып пулду төлөө үчүн 1 ай мөөнөт берилди.

Ош облусунун аймагында ушул жылдын 6 айында жол кырсыктан 62 жаран каза болуп, 523 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×