Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 25.07.2019 10:16

Ошто кичи автобус менен кагышкан жеңил унаанын жүргүнчүсү каза болду

Turmush -  Ош шаарында эки унаа кагышып, 1 жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 24-июль күнү саат 18:17 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө «Дэу Тико» менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан. Анын кесепетинен «Дэу» унаасынын 25-30 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

«Дэу» унаасында жалпысынан 3 адам болгон жана анын бири Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми «Мерседес Бенц» кичи автобусунда жалгыз айдоочу болгон.

Учурда аталган окуя боюнча Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×