Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 25.07.2019 09:40 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: 13 күбөнү сотко мажбурлап алып келүү сунушталды

Turmush -  Кечээ, 24-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Күндүн экинчи жарымында ишти иликтеген тергөөчү көрсөтмө берди. Андан соң мамлекеттик айыптоочулар негизги күбөлөрдүн бардыгы суралгандыгын жана айыпталуучу Мелис Калыковдун көрсөтмөсүн укса болорун билдиришти. Судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин сурады.

Маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүнө кошулду. Ал эми шектүүнүн жактоочулары жана М.Калыков өзү мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүнө каршы болушту.

Жыйынтыгында судья Ж.Кудаяров мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Жактоочу Сартпай Жайчибеков сот отурумунда сурала турган күбөлөрдүн саны 51 экенин жана дагы 13 күбө суралууга тийиш экенин белгиледи. Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева аталган 13 күбөнү мыйзамдын негизинде мажбурлап көрсөтмө берүүгө алып келүү тууралуу өтүнүчүн билдирди. Тараптар Н.Сүйүнбаеванын өтүнүчүн колдошту жана кийинки сот отуруму 5-6-августка жылдырылды. Анын алкагында 13 күбө суралмай болду.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар 24-июлга күбө катары чакырылган Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арслан Усанов Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу сотко өтүнүч кат жөнөткөнүн билдиришти.

23-июлда мамлекеттик айыптоочулар буга чейин 36 күбө суралганын жана күндүн экинчи жарымында шектүү Мелис Калыковдун көрсөтмөсүн угуп, ага суроо берүүгө болорун билдиришкен.

«Биз буга чейин тиешелүү бардык күбөлөрдү сурадык. Ошондуктан түштөн кийин айыпталуучудан көрсөтмө алсак болот. Калган видео-фото материалдар менен кийинки отурумдарда тааныша беребиз», - деген мамлекеттик айыптоочу.

Маркум прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов да судья Жолборс Кудаяровдон сот процессин тездетүүнү суранган.

Буга чейин Turmush басылмасы шектүү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков мамлекеттик айыптоочулардын бири Залкар Турсуналы уулуна ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн жазган. С.Жайчибеков аталган мамлекеттик айыптоочу ишти бир жактуу карап, жактоочулар күбөлөргө суроо берип жаткан учурда сөзгө аралаша бергендиктен ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканын билдирген.

Судья Жолборс Кудаяров кеңешме бөлмөсүнө барып келгенден кийин жактоочу С.Жайчибековдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Ошондой эле Turmush басылмасы кечээ, 24-июль күнү шектүү Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн жазган.

«Мен сизге ишенбөөчүлүгүмдү билдирем. Анткени күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө карама-каршылыктар жаралса дагы чара көрбөй жатасыз», - деген М.Калыков.

Судья Жолборс Кудаяров М.Калыковдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Ошондой эле Turmush басылмасы 9-июль күнү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну суранганын жазган.

Жактоочу бир нече факторлорду эске алып, «кылмыш иш менен толук тааныша электе эле сот башталып кетти» деп, судья Ж.Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Шектүүнүн экинчи жактоочусу Асылбек Күңгуров да С.Жайчибековдун өтүнүчүн колдогон.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар жактоочулар буга чейин кылмыш иш менен таанышып чыгышканын, ошондуктан жактоочунун өтүнүчү негизсиз экенин билдиришкен.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
10.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
09.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
10.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков сурак учурунда ур-токмокко алынганбы?
11.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео
15.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Жактоочулар күбөнүн М.Калыковдун үйүнүн короосуна кирип-кирбегенине кызыгышты. Видео
16.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Эксперт маркумдун башына атылган ок тууралуу айтып берди. Видео
23.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Маркумдун атасы соттон тезирээк чечим чыгарууну өтүндү. Видео
24.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×