Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 18:57

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Видео

Turmush -  Бүгүн, 24-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Анын жүрүшүндө шектүү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков мамлекеттик айыптоочулардын бири Залкар Турсуналы уулуна ишенбөөчүлүк көрсөттү. С.Жайчибеков аталган мамлекеттик айыптоочу ишти бир жактуу карап, жактоочулар күбөлөргө суроо берип жаткан учурда сөзгө аралаша бергендиктен ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканын билдирди.

Ага байланыштуу судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин сурады. Мамлекеттик айыптоочунун бири кесиптешин колдорун, шектүүнүн жактоочулары ишти созуу үчүн ушундай кадамга барып жатышканын айтты.

Ал эми маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да мамлекеттик айыптоочулардын пикирине кошулду.

Шектүүнүн жактоочусу Асылбек Күңгуров кесиптеши С.Жайчибековдун өтүнүчүн колдосо, Мелис Калыков дагы жактоочуларынын пикири негиздүү экенин белгиледи.

Судья Жолборс Кудаяров кеңешме бөлмөсүнө барып келгенден кийин жактоочу С.Жайчибековдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Turmush басылмасы бүгүн, 24-июль күнү шектүү Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн жазган.

«Мен сизге ишенбөөчүлүгүмдү билдирем. Анткени күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө карама-каршылыктар жаралса дагы чара көрбөй жатасыз», - деген М.Калыков.

Судья шектүүнүн ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнө байланыштуу мамлекеттик айыптоочулардын пикирин уккан. Мамлекеттик айыптоочулар ишенбөөчүлүк негизсиз экенин билдиришкен.

Ал эми Мелис Калыковдун жактоочулары Асылбек Күңгуров жана Сартпай Жайчибеков ишенбөөчүлүк көрсөтүү жүйөлүү экенин айтышкан.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров М.Калыковдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Ошондой эле Turmush басылмасы 9-июль күнү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну суранганын жазган.

Жактоочу бир нече факторлорду эске алып, «кылмыш иш менен толук тааныша электе эле сот башталып кетти» деп, судья Ж.Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Шектүүнүн экинчи жактоочусу Асылбек Күңгуров да С.Жайчибековдун өтүнүчүн колдогон.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар жактоочулар буга чейин кылмыш иш менен таанышып чыгышканын, ошондуктан жактоочунун өтүнүчү негизсиз экенин билдиришкен.

Маркум А.Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлү Мамашарип Мамажакыпов жана жакындарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да шектүүнүн жактоочуларынын өтүнүчүнө каршы болушкан.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
09.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү
10.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков сурак учурунда ур-токмокко алынганбы?
11.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео
15.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Жактоочулар күбөнүн М.Калыковдун үйүнүн короосуна кирип-кирбегенине кызыгышты. Видео
16.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Эксперт маркумдун башына атылган ок тууралуу айтып берди. Видео
23.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Маркумдун атасы соттон тезирээк чечим чыгарууну өтүндү. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×