Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 16:33

Токтоп турган унааны айдап качкан адам «Матизди» сүзүп: Оштогу окуя

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында токтоп турган унааны айдап качып бара жаткан 45 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-июль күнү саат 09:00 чамасында Ош шаарынын 1974-жылы туулган тургуну М.Ш. Ош шаарынын Туран кичи районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө токтоп турган «Хундай Старекс» үлгүсүндөгү унааны айдап качкан. Ал унаа Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 1977-жылы туулган М.А.га таандык болгон.

Унаанын ээси Ош ШИИБге кайрылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде унааны айдап качкан адам Тилеке баатыр көчөсүндөгү чайкананын алдынан жолдун четинде токтоп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны сүзүп, качып бара жаткан жеринен кармалган. «Дэу Матиз» унаасы Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургунуна таандык экени аныкталган.

Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Колго түшкөн М.Ш.нын баш коргооо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×