Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 13:03 На русском

Прокурордун өлүмү: Шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Судья Жолборс Кудаяров
Судья Жолборс Кудаяров

Turmush -  Бүгүн, 24-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралууда.

Сот отурумунда алгач окуя болгон күнү шектүү Мелис Калыков менен чогуу май куюучу жайга барган Наим Дехканов суралды. Андан соң Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

«Мен сизге ишенбөөчүлүгүмдү билдирем. Анткени күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө карама-каршылыктар жаралса дагы чара көрбөй жатасыз», - деди М.Калыков.

Судья шектүүнүн ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнө байланыштуу мамлекеттик айыптоочулардын пикирин укту. Мамлекеттик айыптоочулар ишенбөөчүлүк негизсиз экенин билдиришти жана маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да алардын пикирине кошулду.

Ал эми Мелис Калыковдун жактоочулары Асылбек Күңгуров жана Сартпай Жайчибеков ишенбөөчүлүк көрсөтүү жүйөлүү экенин айтышты.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров М.Калыковдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Turmush басылмасы 9-июль күнү М.Калыковдун жактоочусу Сартпай Жайчибеков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну суранганын жазган.

Жактоочу бир нече факторлорду эске алып, «кылмыш иш менен толук тааныша электе эле сот башталып кетти» деп, судья Ж.Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Шектүүнүн экинчи жактоочусу Асылбек Күңгуров да С.Жайчибековдун өтүнүчүн колдогон.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар жактоочулар буга чейин кылмыш иш менен таанышып чыгышканын, ошондуктан жактоочунун өтүнүчү негизсиз экенин билдиришкен.

Маркум А.Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлү Мамашарип Мамажакыпов жана жакындарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да шектүүнүн жактоочуларынын өтүнүчүнө каршы болушкан.

Ал эми шектүү Мелис Калыков жактоочуларынын өтүнүчү негиздүү экенин билдирген.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
01.07.2019Прокурордун өлүмү: Сот жактоочунун номурларды текшерүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×