Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 11:23 На русском

Оштогу наабайканадан 10 тонна байытылбаган ун табылды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында байытылбаган ундан нан жасап, наабайкана иштеткен ишкерге 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Өмүрзак Мырзалиев билдирди.

Анын айтымында, 22-июлда укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте шаардагы каттоого алынбаган наабайканалар текшерилген. Анын жыйынтыгында «Фирдавс» наабайканасынын ээси санитардык-гигиеналык эрежелерди сактабай, байытылбаган унду пайдаланып жүргөнү аныкталган.

Байытылбаган 10 тонна ун атайын комиссияга өткөрүлүп берилген. Ал ун кайра байытылат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×