Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 10:54

Сүрөт — Ош облусунун окуучулары эл аралык этно-карнавалдан байгелүү кайтышты

Turmush -  «Ысык-Көл досторун чогултат» эл аралык этно-карнавалда Ош облусунан барган окуучулар байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун адиси Дилярам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык этно-карнавалга Ош облусунан жалпы 15 окуучу катышкан.

Этно-карнавалдын жобосу боюнча катышуучулар музыкалык аспаптарда ойноо, дастан айтуу, вокал, бий, көркөм окуу программалары боюнча күч сынашкан. Анын жыйынтыгында Жумаева Айбийке Бишкек шаарындагы Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык мектебине бюджеттик негизде окууга чакыруу алды.

Сынакта Ош облусунан барган 4 окуучу 1-орунду, дагы 4 окуучу 2-орунду, 2 окуучу 3-орундарды алышты.

Этно-карнавал 15-июлдан 20-июлга чейин Ысык-Көл облусунда өткөн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×