Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 15:09

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму эртеңкиге жылдырылды

Turmush -  Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Бүгүн, 23-июлда күндүн биринчи жарымында эксперттер суралды. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар буга чейин 36 күбө суралганын жана күндүн экинчи жарымында шектүү Мелис Калыковдун көрсөтмөсүн угуп, ага суроо берүүгө болорун билдиришти.

Судья Жолборс Кудаяров бул боюнча тараптардын пикирин сурады.

Маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн колдоду.

Ал эми М.Калыков күбөлөр толук суралып бүтмөйүн көрсөтмө бербей турганын билдирди. М.Калыковдун жактоочусунун айтымында, тизме боюнча жалпы 71 адам суралмак.

«Азыр 36 адам суралса, тизмеде жалпы 71 адам көрсөтмө берет деп турат. Күбөлөрдүн жарымы да сурала элек экен. Анан кантип М.Калыковду сурайбыз?», - деди жактоочу.

Жыйынтыгында судья Ж.Кудаяров отурумду эртеңкиге жылдырды. Эртең, 24-июлда башка күбөлөр суралат. Эгер күбөлөр жок болсо, кылмыш ишке тиркелген буюм-тайымдар каралат.

Буга чейин Turmush басылмасы мамлекеттик айыптоочулар 36 күбө суралганын жана күндүн экинчи жарымында шектүү Мелис Калыковдун көрсөтмөсүн угуп, ага суроо берүүгө болорун билдиришкенин жазган.

«Биз буга чейин тиешелүү бардык күбөлөрдү сурадык. Ошондуктан түштөн кийин айыпталуучудан көрсөтмө алсак болот. Калган видео-фото материалдар менен кийинки отурумдарда тааныша беребиз», - деген мамлекеттик айыптоочу.

Ошондой эле сот отурумунун башында маркум прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов судья Жолборс Кудаяровдон сот процессин тездетүүнү суранган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
01.07.2019Прокурордун өлүмү: Сот жактоочунун номурларды текшерүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×