Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 13:47

А.Мамажакыповдун өлүмү: Бүгүн сот отурумунда шектүү Мелис Калыков суралышы мүмкүн

Turmush -  Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралууда.

Бүгүн, 23-июлда күндүн биринчи жарымында эксперттер суралды. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар буга чейин 36 күбө суралганын жана күндүн экинчи жарымында шектүү Мелис Калыковдун көрсөтмөсүн угуп, ага суроо берүүгө болорун билдиришти.

«Биз буга чейин тиешелүү бардык күбөлөрдү сурадык. Ошондуктан түштөн кийин айыпталуучудан көрсөтмө алсак болот. Калган видео-фото материалдар менен кийинки отурумдарда тааныша беребиз», - деди мамлекеттик айыптоочу.

Судья Жолборс Кудаяров чечимди өзү чыгараарын айтып, сот отурумун саат 14:00гө жылдырган.

Буга чейин Turmush басылмасы сот отурумунда маркум прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов судья Жолборс Кудаяровдон сот процессин тездетүүнү суранганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×