Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 11:22 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Маркумдун атасы соттон тезирээк чечим чыгарууну өтүндү. Видео

Маркум А.Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов
Маркум А.Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов

Turmush -  Бүгүн, 23-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралууда.

Сот отурумунда маркум прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов судья Жолборс Кудаяровдон сот процессин тездетүүнү суранды.

«Урматтуу сот, сиз өтө эле жумшактык кылып жатасыз. Биз Чоң-Алайдан бери келебиз. Эки ашуу ашабыз. Мелис Калыковдун жактоочулары да сотту созуп, күбөлөрдү жөн эле суракка алууда. Эгер М.Калыков айыпсыз болсо, анда эмне үчүн бул жерде отурат? Айыбы болгону үчүн отургандыр. Ошондуктан тезирээк чечим чыгарууну суранам», - деди маркум прокурордун атасы.

Судья Ж.Кудаяров маркум А.Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлү катары анын жубайы жана агасы Мамашарип Мамажакыпов табылгандыгын айтып, эки тараптын пикирин угаарын билдирди.

Ал эми прокурордун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева маркумдун атасынын өтүнүч билдиргенге укугу жок экенин айтты. Анын айтымында, маркумдун атасы мыйзамдуу өкүл эмес, ошондуктан анын өтүнүчү жөн гана сураныч.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×