Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 11:00 На русском

«Автобус»: Ошто коомдук унаалар текшерилип, 3 айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  18-июль күнү Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунун тескөөчүлөрү тарабынан «Автобус» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, рейд жүргүнчүлөрдү ташуучу чоң жана кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалын жакшыртуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулган.

«Шаардагы чоң жана кичи автобустардын техникалык абалын текшерүү 31-июлга чейин уланат. Текшерүүнүн алкагында айдоочуларга эскертүүлөр берилип, техникалык абалы талапка жооп бербеген 3 унаанын айдоочуларына протоколдор түзүлүп, 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. 17-июль күнү Ош шаарынын мэри күтүүсүз коомдук транспортторду токтотуп, санитардык жана техникалык абалын текшерген. Анын жыйынтыгында отургучтарды туура эмес орнотуп алган айдоочуларга эскертүүлөр берилген», - деди Р.Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×