Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 10:07 На русском

Азия чемпионатында күмүш медаль уткан Төрөкан Багынбай уулун салтанаттуу тосуп алышты. Видео

Turmush -  Кечээ, 22-июль күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Моңголияда өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган Төрөкан Багынбай уулун салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу тосуп алууга Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун ата-энеси, жакындары жана спорт сүйүүчүлөрү барышкан. Иш-чарага Төрөкан Багынбай уулу менен бирге учуп келген Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Аманкулов да катышты.

«Мелдеште финалга чыгуу үчүн 5 беттеш өткөрдүм. Моңголия, Филиппин, Корея, Марбургдан (Германия) келген спортчулар менен күч сынаштым. Финалда кореялык спортчудан жеңилип, күмүш медалга ээ болдум.

Өлкөбүздүн намысын коргоо мен үчүн сыймык. Бизди мелдештерге жиберип, колдогон ата-энелерибизге, машыктыруучуларыбызга жана көмөктөшкөндөргө чоң рахмат. Күзүндө дагы ири мелдештер болот. Алдыңкы орундарды багындырууга аракет кылам. Жеңишимди кыргыз элиме арнайм», - деди Төрөкан Багынбай уулу.

Аталган мелдешке барган Кыргызстандын спортчулары жалпы 5 медаль утушкан. Мелдеш 17-июлда Улан-Батор шаарында старт алган. Кыргызстандын атынан жиу-житсу боюнча Азия чемпионатына 7 спортчу катышты.

Жиу-житсу боюнча Азия чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчулар:

- Муртазали Муртазалиев — 85 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды:

- Төрөкан Багынбай уулу — 77 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды;

- Абдурахман Муртазалиев ( 85 кг чейинки салмак), Далер Марасулов (69 кг чейинки салмак) жана Руслан Сагдеев (94 кг чейинки) коло медалдарга ээ болушту;

- Сирожидин Наралиев (62 кг чейинки салмак) жана Заир Розматов (56 кг чейинки салмак).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×