Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 20.07.2019 14:13

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 3 өспүрүм Оштогу бассейнден табылды. Сүрөт

Turmush -  Ош облусунун аймагында 17-19-июль күндөрү «Түнкү өспүрүм» аталыштагы рейд өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында жер-жерлерде РИИБдин кызматкерлери тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо максатында интернет клубдарда, жаштар көп жүрүүчү диско-клубдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан сырткары башка эс алуучу жайларда тилемчилерди аныктоо максатында Кара-Суу, θзгөн, Ноокат жана Араван райондорунун аймагында жайгашкан базар, соода-сатык түйүндөрү жана автобекет, кечки интернет клубдар текшерилип, анда мыйзамдуу өкүлү жок жүргөн өспүрүмдөр борборго алынып келинип, аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, ата-энесине же жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 26 өспүрүм кароосуз жүргөндүгү аныкталды. Анын ичинен Араван районунан - 7, Кара-Суудан - 19, Ош шаарынан 8 өспүрүм алынып келинген.

Ошондой эле, 18-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 2012-жылы туулган М.Н, 2010-жылы туулган М.Н, 2010-жылы туулган М.З. аттуу өспүрүмдөр Ош шаарынан табылган. Милиция кызматкерлери аларды 19-июлда түнкү саат 00:20 чамасында Ош шаарындагы бассейндердин биринен таап, ОИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу борборуна алып келишкен. Алардын өздүктөрү такталып, ата-энесине жана жакын туугандарына өткөрγлүп берилген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×