Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 19.07.2019 12:21

Ошто унаа койдуруп кеткен эне менен кыз ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 18-июлда саат 17:00 чамасында Ош шаарында унаа койдуруп кеткен 2 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, Ош шаарынын Төлөйкөн кичи шаарчасынын 44 жаштагы тургуну А.З (аял) «Лексус 330» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну Д.А. аттуу аялды жана анын 11 жаштагы кызы М.А.ны койдуруп кеткен. Анын кесепетинен жөө аял Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, кызы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча учурда Ош ШИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×